Метродон аялды сактап калган Исаев менен Королюк окуянын бир жылдыгын белгилешти

12:33 12.02.2017

Бир жыл мурун Москвадагы кыргызстандык мигрант менен полиция кызматкери метрого кулап калган аялды куткарып калышкан.

Бир жыл мурда Москвадагы метродон аялды сактап калган кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк "экинчи туулган күндөрүн" тосушту.


Kyjnoo-zagolovok-1068x559.jpg


Белгилей кетсек, Исаев 11-февралда Москвадагы метрого кулап калган аялды полиция кызматкери Артем Королюк менен чогуу куткарган. Бул эрдиги үчүн ал Россиянын президенти Владимир Путин менен КР өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевден медаль алган. Анын бул кадамын миңдеген интернет колдонуучулар колдоого алып, өздөрүнүн ыраазычылыгын билдиришкен.


ZldVtqn25Og.jpg


Марат Исаев өзүнүн экинчи "туулган күнүн" досуна айланган Артем Королюк менен кечээ күнү тосуп, сүрөттөрүн социалдык баракчасына жүктөдү. 

Исаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына полиция кызматкери менен дос болуп, үй-бүлөлүк катышта экенин билдирди. Ал окуядан бир жыл өткөнүнө карата Королюк менен ресторанга андан кийин аквапаркка барып белгилегенин кошумчалады.



Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика