Москвада 33 жаштагы кыргыз жаранын муунтуп өлтүрүшкөн

08:48 28.09.2017

Москвада киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Кыргызстан жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Россиянын укук коргоо органдары билдирди.

"26-сентябрда Москванын көчөлөрүнүн биринен 33 жаштагы Кыргызстан жаранынын жансыз денеси табылган. Анын моюну так болуп калган. Өлүмдүн себептерин аныктоо үчүн дене өлүк канага жиберилди",- деп маалымадашат Россиянын укук коргоо органдары.

Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.


Яндекс.Метрика