Москвада жашаган кыргыз үй бүлөнүн урушу өлүм менен аяктады

13:35 13.09.2017

Москвада жашаган кыргыз үй бүлөнүн урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Россиянын маалымдоо каражаттары жазып чыкты.


30295_w654_h402_resize.jpg


Маалыматка ылайык, күйөөсү 23 жаштагы аялдын кызганып, аны бир нече жолу бычак менен сайып өлтүргөн. Андан соң кылмыш катталган жерден качып кеткен. Кылмыш сыртка орнотулган видео камерага жазылып калган. Аял алган жаратынан улам каза болгон. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Яндекс.Метрика