Москвадагы кыргызстандыктар эрежесиз эр урушка катышты

08:28 09.02.2017

Aikol Fighting Championship лигасында өткөрүлүп жаткан эрежесиз эр уруш Москва шаарында ушуну менен төртүнчү ирет болду.

Москвадагы кыргызстандыктар эрежесиз эр урушка катышканын "Айкөл" спорт клубу билдирди. Маалыматка ылайык, беттеш 5-февралда өткөн.

Aikol Fighting Championship – профессионалдык лигасы 2016-жылы"Айкөл" клубунун базасында түзүлгөн.

Беттеш "Спорт кылмыштуулукка каршы" урааны алдында өтүп, "Ак Барс" клубу менен биргеликте өткөн. Негизинен 13 рейтингдик мелдеш жана башкы эки мушташ болгон. Беттешке катышкандардын көпчүлүгү мындай мелдешке биринчи жолу келип жатат.

Бул беттеште "Айкөл" клубунан Урматбек уулу Нурсултан менен "Жаш-Күч" клубунун тарбиялануучусу Адылбек уулу Манастын беттешти эң кыска мушташ болуп калды. Нурсултан өз атаандашын 35 секундда жеңип алган.

Ал эми "Солнце Пересвета" клубунун өкүлү Арам Овсипян "Айкөл" клубунун өкүлүн 1 мүнөт 19 секундда жерге жаткыра чапкан.

Ошондой эле Полотбек Урматбек уулу менен Алайбек Сооронбаевдин мушташы да эң кызыктуу болгон. Алар үч раундга чейин мушташып, оомат ташы Полотбекке оогон.


Яндекс.Метрика