Омуров: Москвада айлыкка эле иштебеш керек

13:52 20.09.2017

Азыркы кезде Москвада «Жетиген» кыймылсыз мүлк агенттигин, андан тышкары күнүмдүк жатаканалардын түйүнүн жана мырзалар үчүн чачтарачты жетектеген кыргызстандык Чыңгыз Омуров мигранттык жолу тууралуу маекти сунуштайбыз.

Чыңгыз Омуров: Орусияга 8-классты бүткөндөн кийин,16 жашымда келгем. Үй-бүлөдө улуусумун, ата-энеме жардам керек болчу. Окууну таштап коюп, соода-сатыкта жүрдүм. Москвада жарым жылдай курулушта иштедим. Ошондо «экинчи Орусияга келбейм» деп кеткем. Бирок Кыргызстанга барганда деле жумуш таба албадым. 2009-жылы 22 жашымда Москвага кайра кайтып келдим. Ошол маалда Орусияда экономикалык кризис өкүм сүрүп, кыргыз паспорту менен эч жерде жумушка албай калган. Үч ай жумушсуз жүрдүм, Киевский метросунда бир батирде 22 адам жашачубуз, жада калса нанга акча жок, ачка калган күндөр өткөн.

Ошондой күндөрдүн биринде батирге бир жигит колуктусу менен келип калды. Кечинде катарлаш жатканда ага абалымды түшүндүрүп, жумушка орношуу үчүн орус паспортун берип туруусун сурандым. Эртеси анын паспорту менен бир кыйла кафе-ресторан, дүкөндөрдү кыдырып, бир топ жолду жөө басып өттүм. Паспортун саат 11ге чейин эле алган элем. Бир убакта жаан катуу жаап кирди, шөмтүрөп баштан аяк-суу болуп, метрого карай баратсам, алдыман бир кафе чыгып калды. Ага кирип «мен тажрыйбалуу официантмын, Новосибирскиден келгем, баарын билем, иштейм» дедим. Үмүтүм үзүлүп, айлам куруп турган. Кудай жалгап мени ошондо жумушка алышты. Жарым жылдан кийин ал жерден кетүүгө туура келди.

"​Азаттык": Азыркы кезде «Жетиген» кыймылсыз мүлк агенттигин жетектеп жатасыз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз эле?

Чыңгыз Омуров: Бир жолу Нургүл Кайымова деген кыргызстандык айым агентство ачып, жумушка балдарды алып жатат деп угуп калдым. Ушунчалык тың, позитивдүү жана шайдоот эже экен. Ага чейин өзүмө анчалык ишенчү эмесмин, «жашоом оңолуп кетет» деген ой жок эле. Нургүл эже мени туура жолго түрткөн адам болду. Бирок орустар менен иштечүбүз, түшүнбөстүктөр болуп, иш жылбай койду. Аягында дагы жумушсуз калдым. Бир күнү бир тууганым телефон чалып, «сен иштегенсиң да, батир таап бербейсиңби» деп калды.

Байланыш китепчедеги тааныштарга чалып чыксак, көбү батир издеп жүрүптүр. Мындайча айтканда, бизнесте бул жаат бузула элек дың экенине, өз алдынча иш баштасак утарыбызга көзүбүз жетти.

Азыр деле кыргыздарга, башкача айтканда, азиаттарга жумуш таап берүү оңой эмес. Ошондо кеңсе алганга акчабыз жок, "Макдональстын" кафесинде отуруп алып ак кагазга телефондорубузду жазып, аны метродогу кыргыздарга таркатып иш баштаганбыз. Бир айда кеңселүү болдук, кийин башка балдарды ишке алып, аларды үйрөтүп, ишибиз жүрүшүп кетти. Акырындык менен Москвада хостелдерди (ред. жатакана) ачтым, келинчегим Кытайдан товар алып келип, "Садовод" рыногунда соода кыла баштадык, жарым жыл мурун өнөгүм менен барбершоп (ред. эркектердин чачтарачы) иштете баштадык.

"Азаттык": Жогорку билимиңиз жок болсо, Орусияда алгач ар кандай жумушта иштесеңиз, кийин ушундай өз алдынча ишкердик кылып, ийгиликке жетүүгө эмне түрткү болду деп ойлойсуз?

Адатта «ийгиликке жетүү үчүн талыкпай иштеш керек» деп айтышат, менимче бул көз караш саал туура эмес. Сөзсүз түрдө көп иштеш керек эмес, башты да иштетүү керек.

Чыңгыз Омуров: Ийгиликке ийгиликти издеген адам жолугат. Ошондой ийгиликтүү адамдар менен таанышууга, алар менен баарлашууга, максатка умутулуу керек. Адатта «ийгиликке жетүү үчүн талыкпай иштеш керек» деп айтышат, менимче бул көз караш саал туура эмес. Сөзсүз түрдө көп иштеш керек эмес, башты да иштетүү керек.

Мен чындыгында Кыргызстанда орто билим тууралуу аттестатты жасатып алгам, кийин Бишкек гуманитардык университетин дагы бүтүрбөй, окуумду таштап койгом. Бирок мен китеп окуганды аябай жакшы көрөм. Ийгиликке жеткен дүйнөлүк инсандар, тарых таржымалы, психология жана башка тармактар боюнча китептерди көп окуйм. Ишкердик боюнча кызыктуу тренинг, семинарларга калбай барам. Адамдар менен дагы көп баарлашып, дайыма керектүү байланыш түзгөнгө аракет кылам. Мындайча айтканда, ийгиликке жетүүнүн жолун дагы деле издеп жүрөм.

"​Азаттык": Орусияда он жылдан ашуун иштеп, ишкердик кылып, үй-бүлө күтүпсүз. Кийинки пландарыңыз кандай? Улутчулдук мамиле ишке тоскоол болбойбу?

Чыңгыз Омуров: Кыргызстан киндик кан тамган ата мекеним болсо, Орусия экинчи мекеним болуп калды. Келинчегим Наргиза экөөбүз бул жерден табышып баш коштук, бир уул, бир кыздуу болдук. Өзүбүз орус жарандыгын алганбыз.

Бирок Москваны түбөлүк жашай турган жер катары карабайбыз. Бул шаар бактылуу үй-бүлөлүк жашоого ылайык эмес. Бирок жаш кезде иштеп, ирденип алууга мүмкүнчүлүк берет. Биз үй-бүлөбүз менен көп саякаттайбыз. Кийин кайсы жерде жашасак ыңгайлуу деп ойлонуп жүрөбүз.

Келечекке пландарыбыз көп, азыр алар сыр боюнча калсын. Ал эми улутчулдук боюнча айтсам, жумушсуз, кыйналып жүргөн маалда өзүмдү өгөй сезип, жаман болчумун. Азыр ойлосом, мунун баары өзүмө көз каранды экен. Орусча жакшы сүйлөй албай, колуңан эч нерсе келбей, жада калса өзүңдү мындай сылык, тартиптүү, үлгүлүү алып жүрө албасаң, айлана-чөйрөңдөн, өзүңдөн өзүң эле чүнчүй берет экенсиң. Азыр андай сезимдер жок.

"​Азаттык": Азыр Орусияга убагында сиздей эле иш издеп келип жаткан жаштар көп. Аларга кандай кеп-кеңеш бересиз?

Чыңгыз Омуров: Жаштардын келип жатканы аябай жакшы. Алар улуу муунга караганда чет жакка бат көнөт, чет тилдерди тез үйрөнөт. Азыркы убакта досторум менен тажрыйба бөлүшүү максатында ишкердик жана өзүн өзү өстүрүү боюнча тренингдерди уюштуруп жатабыз. Ага көбүнчө жаштар келет. Аларга «бирөөгө иштей бербегиле, күчүңөрдү сынагыла, жеке ишкердикке өткүлө» деп кеңеш айтабыз, багыт беребиз. Баягы айылдан тил билбей же бир иш жасаганды билбей келип, кара жумуш жасаганга кайыл болгон заман өтүп кетти.

Жаштар жок дегенде сантехник, электрик, чачтарач жанакийим тигүүчүлүктү үйрөнүп келиши керек.

Өзүмдүн басып өткөн жолуман улам мигрант жаштарга күнү-түнү иштеп, тапкан акчаны Кыргызстанга салып коюп жүрө бербей, биринчи кезекте өзүңдүн жашооңду жакшыртканга, өзүңдү татыктуу жашоого түртүү керек деп айткым келет.

Бул эмне дегендик? Чөнтөгүңдө акча, алдында ишиң, маанайың жайдары болсо, ошондо башкаларга жардам бере аласың деген сөз. Өзүңдүн жашооңду эптей албасаң, бирөөнүн жашоосун кантип жакшырта аласың?!

Анан бул жерде «айлыкка иштейм» дегендерге айтарым, ошол ишин ийне-жибине чейин мыкты өздөштүрүп, кошумча китептерди окуу зарыл. Улам-улам квалификацияны жогорулатып, жөн эле 30-40 миң рублга кайыл болуп жүрө бербей, маянаны 60-70 миң рублга же андан жогору көтөрүүгө болот. Мыкты адистер жумуш берүүчүлөргө дайыма керек, алар дайыма баалуу. Ал эми «бизнес кылам» дегендерге «аракет кылгыла, изденгиле, коркпогула, алдыга умтулгула» деп айтам.



Яндекс.Метрика