Орусиядагы президенттик шайлоонун датасы такталды

09:00 16.12.2017
2017-12-16_12-32-38.png

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленип, шайлоо өнөктүгү 18-декабрда баштала турган болду. Мындай чечимди орус парламентинин жогорку палатасы - Федерациялык кеңеш 15-декабрда жактырды.

Орус лидери Владимир Путин бул шайлоого бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясынын атынан эмес, өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышарын бейшембидеги маалымат жыйынында жар салды.

Оппозициячыл активист Алексей Навальный да бир канча ай мурда президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын соттолгонун жүйө кылып, ал президенттик жарышка катыша албай турганын билдирген.

Шайлоого бараарын айткан тележурналист Ксения Собчак 14-декабрда президент Владимир Путинге суроо берип жатып, Орусияда талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөй жатканын айткан.


Яндекс.Метрика