Путин президенттик шайлоодо талапкер катары расмий көрсөтүлдү

09:26 27.12.2017
2017-12-27_12-25-34.png

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган шайлоодо расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин көрсөтүү боюнча демилгечи топтун Москвадагы жыйынына 600гө жакын киши катышты.

Келгендерге Оливер Стоундун «Путин», Алексей Пимановдун «Крым» тасмалары көрсөтүлдү. Путиндин өзү жыйынга келген жок.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери башкарып келет. Анын 13 жылында президенттик кызматты ээлесе, төрт жыл өкмөт башчы болуп иштеген.


Яндекс.Метрика