Россиядагы элчилик Кемерово районундагы жол кырсыгы боюнча абалды көзөмөлдөп жатат

12:09 26.09.2017

Россиядагы элчилик Кемерово районундагы жол кырсыгы боюнча абалды көзөмөлдөп жатат.

Бул тууралуу дипломатиялык миссиядан билдиришти.

Кеп, маркумдун сөөгүн Мекенине жеткирүү жана жабыркагандардын дарылануусу жөнүндө болуп жатат.

Эске салсак, “Сибирь” трассасынын 342-чакырымында болгон жол кырсыгында 38 жаштагы жүргүнчү аял каза таап, дагы жети адам жабыркаган.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.



Яндекс.Метрика