Жакында Москвадан Бишкекке 72 саатта келген автобус каттамы ишке кирет

09:09 20.09.2017

Москвадан Кыргызстандын борбору Бишкекке кетүүчү жаңы Эл аралык автобус каттамы 29-сентябрдан тарта ишке кире баштайт,-деп жазат “Москва” маалымат агенттиги.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 29-сентябрынан тарта жумасына эки ирет: дүйшөмбү жана жума күндөрү автобус каттап турат. Москванын Эл аралык “Түштүк дарбаза” авто бекетинен кечки саат 21:00 Бишкекти карай автобус жөнөйт. Болжолдуу жолдун убактысы 72 саат.

Москвадан Бишкекке чейин жол кире 4 миң 800 рул., 12 жашка чейинки балдар үчүн – 2 миң 400 руб (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болсо). Аларга өзүнчө орундук берилет.


Яндекс.Метрика