2017-жылдын жыйынтыгында атайын каражаттар түрүндө жалпысынан 10 млрд 686 млн сом түшкөн

15:00 23.02.2018
c40a17f5-a53f-479d-83bc-b7a06ae6265a_jpg_850x445_q82_crop.730x0.jpg

Жогорку Кеңеште өлкөнүн каржы саясатына байланыштуу улуттук мыйзамдарды КР Бюджет кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Салыкты эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору салыктык эмес кирешелер менен ички аудит маселелерин жөнгө сала турган маселелерди Бюджет кодексине ылайык келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. «Мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Ал эми анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт», - дейт ал.

Эске салсак, 2017-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен мекемелердин атайын каражаттары түрүндө 10 млрд 686 млн сом түшкөн.

Теги: Акча каражаттары, Экономика, Жогорку Кенеш

Яндекс.Метрика