2017-жылы Кыргызстанда 14 чек ара жаңжалы катталды

12:00 29.01.2018
1B38E679-4F7F-4B61-9502-65D0CFA3F629_w1023_r1_s.jpg

Былтыр Кыргызстандын чек арасында 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен ону кыргыз-тажик, төртөө кыргыз-өзбек чек арасында болгон. 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган отурумда айтылды.

Чек арачылар жалпысынан "былтыр мамлекеттик чек арадагы абал туруктуу болду" деп баалашты.

2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган. Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал тапанчасын табышкан.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика