2018-жылкы Футбол чемпионатындагы атаандаштар белгилүү болду

10:07 02.12.2017
2017-12-02_12-56-53.png

Диего Марадона

2018-жылы өтө турган футбол чемпионатында ким-ким менен ойноору белгилүү болду. 32 команда сегиз тайпага бөлүндү. Алар:

А Орусия, Уругвай, Египет, Сауд Арабиясы

B Португалия, Испания, Иран, Марокко

C Франция, Перу, Дания, Австралия

D Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия

Е Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия

F Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея

G Бельгия, Англия, Тунис, Панама

H Польша, Колумбия, Сенегал, Япония.

Дүйнөлүк футбол чемпионаты кийинки жылы 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Ага 11 шаарда 12 стадион камдалган.

"Чүчү кулак" кармоого ФИФА президенти Жанни Интантини, Орусия президенти Владимир Путин, Пеле, Марадона баштаган футбол жылдыздары, чемпионатка катышкан өлкөлөрдүн делегациялары катышты.

Бул жолку чемпионат Орусия спорт боюнча дагы катаал айыптоолорго кабылып, кызытмадан улам олимпиадачылары мелдештерден четтетилип жаткан учурда өткөнү турат. Жакында эле орусиялык антидопинг лабораториясынын мурдагы жетекчиси Григорий Родченков орус футболчуларынын кызытма колдонгону тууралуу маалыматтарды берээри жарыяланып кеткен.

2018-жылкы чемпионат ФИФАнын жаңы жетекчилиги үчүн да алгачкы чоң мелдештер. Президенти Зепп Блаттер баштаган мурункулар жемкорлукка байланыштуу кызматтан алынган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика