Кыргызстанда орточо эмгек акы 1-октябрга карата 15 миң 52 сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитетинин комплекстүү иштер жана бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева кабарлады.

Ал белгилегендей, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 6,3%га өстү.

“Курулуш, байланыш, мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык коргоо иштери, кыймылсыз мүлк жана илимий-техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бир кыйла өсүү темпи байкалган”, - деди ал.