60 жаштагы жаран аялын кызганып, 32 жаштагы жигитке бычак урган

16:46 19.05.2017

60 жаштагы жаран аялын кызганып, 32 жаштагы жигитке бычак урган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


123.jpg


17-май күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам белгисиз жарандын жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя боюнча Москва районунун аймактык ооруканасына барган милиция кызматкерлери тарабынан жабырлануучу 32 жаштагы Беловодск айылынын З.П. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Денесине кароо жүргүзүлүп, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Москва райондук ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш- жаза кодексинин 104-беренеси (атайлап денеге оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Москва районунун Ак-Суу айылынын 60 жаштагы М.А. атуу тургун кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алган. Жаран аялын кызганып, жабырлануучу экөөнүн ортосунда уруш чыгып, ушул жолго барганын билдирген. Кармалган жаран Москва райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Теги: Коомчулук, Кылмыш, Окуялар


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика