Абылгазиев менен Арипов Ошто жолугушту

15:48 18.12.2018
Screenshot_3.png

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика