Абылгазиев «Тумар» тобуна America's Got Talent долбооруна катышуу үчүн колдоо көрсөттү

14:19 26.12.2018
Screenshot_3.png

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эрмек Кадыров башында турган «Тумар» бий тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле «Тумар» бий тобунун түзүлүшүн өбөлгөлөгөн бийчи Атай Өмүрзаков дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген белгилүү бийчилер Өкмөтбашчыга өздөрүнүн чыгармачыл пландары жана ар-кыл эл аралык сынактарга катышуусу тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев белгилегендей, «Тумар» бий тобунун мүчөлөрү жанаАтай Өмүрзаков акыркы жылдары өздөрүнүн өжөрлүгү жана чеберчилиги аркылуу өлкөнү эларалык сынактарда татыктуу көрсөтүп, жалпы мекендештерге үлгү болуп, Кыргызстандын даңкыналыска чыгарууда.

Өкмөт башчы бийчилердин жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымын белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев «Тумар» тобунун мүчөлөрүнө кайрылып, чыгармачылмаксаттарга жетишүү жолундагы кездешкен жашоодогу кыйынчылыктар жана сыноолордутатыктуу басып өтүүдөгү алардын кайратмандыгын баса белгиледи.

Премьер-министр бийчилерге мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалап, America's Got Talent телесынагына катышуусу үчүн финансылык колдоо көрсөттү.

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика