Абылгазиев жумушчу сапары менен Чүй облусуна барат

12:08 24.05.2018
1519086410_730x0.730x0.jpg

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 24-майда, Чүй облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө билим берүү жана спорттук объектилердин курулушун, ошондой эле «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун тилкесин реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип чыгат.

Мындан тышкары Премьер-министр суу сактагычтардын абалы, балык жана дыйкан чарба ишмердигинин менен таанышат.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика