Акыркы беш күндө доллардын куну 1,5 сомго көтөрүлдү

11:46 03.08.2016

Акыркы беш күндө доллардын куну 1,5 сомго көтөрүлдү.

Статистика менен валюта алмаштыруу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков бөлүштү.

Бүгүнкү күндө долларды 68 сом 56 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сом 70 тыйынга сатышууда. Чойбековдун айтымында, валютанын кымбатташы тенге жана рублга карата доллар бекемделгенине байланыштуу. Дагы бир себеп – быйыл туристтер аз, демек, чет элдик акчанын дагы келиши солгундады.

Мындан аркы кырдаал валюталарды бири-бирине катышы жана мунайдын баасына көз каранды болот.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика