Анкара Эрдогандын Кыргызстанга келерин расмий кабарлады

17:00 15.08.2018


Screenshot_4.png

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдоган. 9-июль, 2018-жыл.

Бул тууралуу түрк президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын журналисттерге билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган Көчмөндөрдүн үчүнчү дүйнөлүк оюндарына жана Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Уюмунун VI саммитине катышаары белгилүү болду. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуусу каралган.

Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Уюмунун саммити 2016-жылы Бишкекте өтүшү керек эле. Бирок белгисиз себеп менен кийинкиге жылдырылган.

Түрк мамлекет башчысы Кыргызстанга келээрин президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева да ырастады.

Эрдоган акыркы жолу Кыргызстанга 2013-жылы Түркиянын премьер-министри болуп турган убакта келген.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика