“Апрель” телеканалы Атамбаевге таандык экени ырасталды

12:00 03.05.2018
64995CFC-6228-42A9-9CC1-1569421906C6_w1023_r1_s.jpg

"Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников аталган медиага экс-президент Алмазбек Атамбаев ээлик кыларын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Ложников экс-президентти телеканалдын артында тураарын, аны менен түз байланышы бар экенин жашырбаган "биринчи саясатчы" деп атады.

Кыргызстанда "Апрель" деген жаңы телеканал жыл башында пайда болгон.

Медиа мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин пикирлештерине таандык делген "ON1" каналынын негизинде түзүлүп, ага "Бешинчи каналдан" кеткен жамааттын бир бөлүгү өткөн.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика