Асылбек Өзүбеков Кыргыз драма театрын жетектейт

13:00 05.03.2018
C7D3C379-D139-456D-9CC2-71BAE31522D7_w250_r1_s.jpg

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Асылбек Өзүбеков Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Султан Жумагулов кол койду.

Маалыматка караганда, театрдын мурдагы башчысы Назым Меңдибаиров өз арызы менен иштен бошоп, көркөм жетекчи кызматына өттү.

Асылбек Өзүбеков - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, “Тунгуч” театрында эмгектенип келген.

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика