Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 91 млн. сом чогулду

18:43 17.02.2017

16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.


26512_w654_h402_resize.jpg


Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине 91 миллион 251 миң 452 сом чогулду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон.

"Атайын эсеп ачык. Каалаган жеке жана юридикалык тараптар каражат которо алат", — деп айтылат маалыматта.

Акча которууну каалагандар үчүн:

  • Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
  • БИК 440001,
  • Эсеп коду 14238900.
  • Ош шаары Моминов көчөсү,
  • 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150
  • Код УГНС 032

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.


Теги: Акча каражаттары, Коомчулук, Окуялар

Яндекс.Метрика