Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүүгө багытталган жыйын болот

09:05 21.11.2017
2017-11-21_12-14-02.png

Иллюстрациялык сүрөт.

Иш-чараны Экономика министрлиги жана Азия өнүктүрүү банкы уюштуруп жатат. Жыйындын жүрүшүндө ишкер аялдарга министрликтин грамоталары, ал эми бизнес-ассоциацияларга жабдык сатып алууга сертификаттар тапшырылат. Иш-чара 20-ноябрда Бишкекте өтөт.

"Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү" долбоорун Жапониянын жакырчылыкты жоюу фонду каржылайт. Долбоордун алкагында 28 жаштан 65 жашка чейинки 900 элеттик аял ишкерлик сабатын ачып, жүздөн ашуун каржылык уюмдардын кызматкерлери билимин өркүндөтүштү.

Долбоордун алкагында элеттик ишкер аялдарды колдош үчүн 1,5 млн. долларлык 405 насыя берилген.

18-ноябрь - ишкер аялдардын эл аралык күнү.

Тег: Экономика

Яндекс.Метрика