Айчүрөк Маматеминова, «Мисс Кыргызстан 2017» сулуулар сынагындагы 1-вице мисс титулунун ээси: «өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылып жатам»

19:00 19.05.2017

WhatsApp-Image-2017-04-28-at-11.27.11-1-e1494505560999-500x280.jpeg


Жакында өткөн «Мисс Кыргызстан 2017» сулуулар сынагы көпчүлүктүн эсинен көпкө кетпес болду. Дегеним, «ырынан чыры көп» сынак эми гана «басылды» өңдүү. Ошондо «жеңилген күрөшкө тойбойт» дегенчелик болуп, катышуучулардын бири сынактан четтелгендигине байланыштуу ал кыз уюштуруучуларга өз нааразычылыгын билдирип, дабышын милицияларга чейин жеткизген.  Учурда ошол кыздын дагы күнөөсү барбы, иш ырбабай, басаңдап калды. Ал эми жеңүүчүлөр өз багытында эмгек кылышууда. Айтсак, жеңүүчү Бегимай Карыбекова дүйнөлүк сулуулар сынагына жанталашып, болгон күч аракети менен даярдык көрүүдө. Ал эми 1 вице мисс наамынын жеңүүчүсү Айчүрөк Маматеминовага «Мисс International» дүйнөлүк сулуулар сынагына катышуу мүмкүнчүлүгү берилген. Айчүрөк менен сынак тууралуу кеп курдук.

—Айчүрөк, кепти өзүңдү тааныштыруу менен баштасаң?

—Мен, Айчүрөк Маматеминова 18 жаштамын. КРСУнун экономист-бухгалтер адистиги боюнча 3-курста окуп жатам. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, бир эжем, 3 иним бар. Өзүмдүн түпкүлүгүм Оштун Алайынан, бирок балалыгым Казакстандын Алмата шаарында өттү.

—Сулуулар сынагына кандайча катышып калдың?

—Мен көптөн бери сулуулар сынагына катышууну кыялданып жүргөм. Быйыл сынакка катышуу буйруп, ушул жылы катышууну туура көрдүм. Себеби кийинки жылдары окуу менен, жумуш менен алектенип, убактым болбой калат деп ойлодум.


cbbc626d9d0a4a99d69a05d2d5bcff66ff4967b2.jpeg


—Биринчи вице мисс титулун жеңип алам деген ойлор болду беле?

—Менде жеңүүчүлөрдүн катарын толуктайм деген ой болгон эмес. Мага бул күтүүсүз болду. Сынакта колдоп келген жакындарым үчүн дагы «1-вице мисс» наамын жеңип алуум сюрприз болду. Баары кубанычта болуп, куттукташты, мени менен сыймыктанып калышты.

—Ызы-чуу менен коштолгон сынактын чуусу токтоп калгандай…

—Эми, мен өзүмдүн жеке оюм боюнча айтсам, сынак акыйкат эле өттү. Сынактан четтетилген Алтынай аттуу кыз башынан эле даярдыктарга келбей, сынакка олуттуу мамиле жасаган жок. Биз аны бир нече ай даярдык ичинде 4 гана жолу көрдүк. Сынактын финал күнү дагы конкурстун 1-туру аяктагандан соң кечигип келип, анан менин туугандарымды киргизбей жатышат, мени ичкери кое бергиле деп ызы-чуу салыптыр. Ал кызды сынактан четтетип, уюштуруучулар туура эле кылышкан.

—Негизи бул иш-чара адилеттүү өттүбү? Жеңүүчү кыз татыктуу тандалдыбы?

—Мен мындай сынакка биринчи жолу катышып жаткандыктан чоң көйгөй көрө алган жокмун. Сынактын деңгээли боюнча анча-мынча мүчүлүштүктөр болду. Мындай кемчиликтер ар бир эле иш-чараларда болсо керек. Ал эми жеңүүчү кыз тууралуу айтсам, Бегимай жеңишке татыктуу эле сулуу. Бардык катышуучулардан өзүнүн харизмасы менен биринчи чыкканда эле айырмаланып турган.

—Сулуулар сынагында эмнеге басым жасалды?

—Сынакта ар бир кыздын өзүн алып жүрүүсүнө, талантына, кийген көйнөктөрүнө, анан да албетте келбетине басым жасалды. Ар бир катышуучунун кийген көйнөктөрү өзгөчө болду. Мен кече көйнөгүнө жана кыргыз улуттук көйнөктөр көргөзмөсүнө өзгөчө даярдандым. Биз, апам, эжем болуп, улуттук көйнөктү тандоодо көпкө ойлондук. Акыры өзүбүз тигебиз деп чечтик. Чач жасалгама жараша диадемаларды эжем экөөбүз отуруп, кол менен жасап чыктык. Апам болсо кыргыз көйнөгүмдү түнкү саат 4кө чейин тигип, бүтүрүп берди. Талантты көрсөтүү турунда Айгерим Расул кызынын «Мен кыргызмын» ырын жандуу аткарып бердим.

—Сынактан кийин жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду?

—Жеңүүчү болгондон кийин кандайдыр бир деңгээлде жакшы жака болгон өзгөрүштөр байкалды. Өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылып жатам. Сынактын артынан чыккан ызы-чуудан кийин апам жана жакындарым ойлонуп олтурушкан, бирок эл тарабынан мен жака негативдүү пикир айтыла элек.

—Келечекте эмне максаттарың бар?

—Учурда бош убактым болгондо англис тилин үйрөнүүгө далалат кылып жатам. Тилдин жардамы дүйнөлүк масштабтагы сынактарда сөзсүз тиет. Визажисттин курсун аяктагам. Азыр «MISS EARTH» жана «MISS International» сынактарына даярдык кылып жатам. Сынактын талабы профессионалдуу фотосессия менен катар ар бир областтан видеороликтер тартылышы керек экен. Даярдык иштери акырындык менен жүрүүдө. Азырынча 2-вице мисс титулун жеңген сулуу экөөбүздүн кимибиз кайсы сынакка бараарыбыз чечиле элек. Анан да жакында ырчы мырза Арсендин жаңы клипине тартылдым.


Теги: Маданият, Сахна


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика