Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздар Швецияга учуп кетишти

13:35 17.02.2017

Эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан алты спортчу кыз барат.


26512_w654_h402_resize.jpg


Кыргызстандык балбан кыздар Швецияда өтө турган эл аралык турнирде ат салыша турганын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Klippan Lady Open 2017" аталышындагы кыздар арасында эркин күрөш боюнча турнир 17-19-фералда Швециянын Клиппан шаарында болот.

Мелдеште Кыргызстандын атынан алты спортчу кыз учуп кетти. Алардын арасында Айсулуу Тыныбекова дагы бар. Кыздарды башкы машыктыруучу жана бир калыс коштоп жүрмөй болду.


Тег: Спорт

Яндекс.Метрика