Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык турнирде алтын утту

14:00 16.07.2018
66666.730x400.jpg

 Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Grand Prix of Spain эл аралык турнирде алтын утту.

Спорттук мелдеш Мадрид (Испания) шаарында 14-15-июль күндөрү жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөн.

КР спортчусу 59 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыгып, алгач АКШ жана Россиянын балбандарын жеңип, биринчи орун үчүн беттеште казак спортчусун утуп алган.

Эске сала кетсек, жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Жакарта жна Палембанг (Индонезия) шаарларында өтөт.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика