Азия Кубогу-2019: Кыргызстан бүгүн Кытай менен ойнойт

10:46 07.01.2019
Screenshot_1.png

 Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстан бүгүн алгачкы оюнун өткөрүп, Кытай менен ойнойт.

"Акшумкар" бүгүн ак түстөгү форма менен оюн талаасына чыгат, ал эми кытай футболчулары кызыл түстөгү.

Азия Кубогу 2019-жылдын 5– январда Бириккен Араб Эмиратында башталган.

Ага 24 курама команда катышат. Кыргызстан C тайпасына түшүп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппиндин командалары менен ойнойт.

Кыргызстан менен Кытайдын беттешүүсүн "КТРК-Спорт" каналы түз эфирде көрсөтүүдө. Оюн саат 17 Бишкек убактысы боюнча 17:00 башталат.

Ошондой эле бүгүн Түштүк Корея менен Филиппины футболчулары беттешет.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика