Бакудагы Универсиадада кыргызстандык студенттер эки медаль алышты

10:13 10.04.2018
Screenshot_3.png

 Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин Бакудагы Универсиадасынын биринчи күнүндө Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери Жузупбеков Үзүр жана Токтобаев Бекжан эки медаль алышты.

Жузупбеков Үзүр 97 кг чейинки салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча күмүш, ал эми Токтобаев Бекжан 70 кг чейинки салмак категориясында эркин күрөш боюнча коло медаль алышты.

Оюндар 5-апрелде башталган, 10на чейин уланат.

Кыргызстандын курама командасы шахмат, үстөл тенниси, волейбол, грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана дзюдо боюнча мелдештерге катышат.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика