Балдарды үйдө окутуу боюнча жобо бекитилди

11:54 18.10.2018
Screenshot_4.png

Балдарга арналган "Акылтай" журналы.

Кыргызстанда балдарды үйдө окутуу боюнча жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады.

Аталган жобо ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаган балдардын үй шартында билим алышын камсыз кылууну көздөйт. Документте 8 жаштан 18 жашка чейинки балдарга мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык билим берүүнүн тартиби көрсөтүлгөн.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Майып балдар билим алууда бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканы туурасында маал-маалы менен маселе көтөрүлүп келет.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика