Биометрикалык паспортту айдын аягына чейин акысыз алууга болот – МКК

12:00 14.12.2017
Screenshot_13.png

 Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортту 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз алууга болоорун жарандардын эсине салат.

МККнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2017-жылдын 2-майынан тарта биометрикалык паспорт бериле баштаган.

Ушул айдын аягына чейин биометрикалык паспортту акысыз алуу үчүн документтерди тапшырса болоорун жарандардын эсине салабыз.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика