Бир катар жаныбарларга 10 жылга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда

11:00 Вчера
Screenshot_1.png

 Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, ушу тапта өлкө аймагында аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндө ишкердик менен 52 юридикалык жак алектенет, анын ичинде 42 жеке менчик аңчылык фирма, 9 коомдук чарба жана 1 мамлекеттик мекеме бар.

"Аңчылык жерлердин жалпы аянты – 14,4 млн га, анын ичинен мамлекеттик жерлер – 7,2 млн га, коомдук жерлер – 3,2 млн га, жеке менчик жерлер – 4 млн га", - деди Байбакпаев.

Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу департаментинин маалыматына караганда, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" мыйзам кабыл алынган 2014-жылдан бери өлкөнүн жаратылыш байлыгын сарамжалдуу пайдалануу жаатында ырааттуу реформалар жүрүгүзүлүп келет.

Мисалы, мурда аңчылык иштерин уюштурган 80 уюм иш жүргүзсө, азыр алардын саны 52ге чейин кыскартылды, ал эми аңчылыкка 4 айга чейин гана уруксат берилет.

Андан тышкары, сунуш кылынган мыйзам долбоорунун 16-беренесине ылайык, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана кайра өндүрүү максатында, аларды пайдалануу чектелиши, токтотулуп коюлушу же болбосо толук тыюу салынышы мүмкүн экени белгилүү болду.

Ошондон улам, 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа (Ovis ammon), тоотеке-эчки (Capra sibirica), элик (Capreolus pygargus), марал-бугу (Cervus elaphus asiaticus), доӊуз (Sus scrofa).

Демилгечилер азыркы учурда жапайы жаратылыш, анын ичинде сейрек кездеше турган жан-жаныбарлар четинен жок болуп жатканын, ал эми аларды кайра калыбына келтирүү үчүн ири көлөмдөгү каражаттарды жумшоого туура келерин айтышат.

"Эсептеп көрдүк, бул мыйзамды ишке ашырууга баш-аягы 1 млрд сомго жакын каражат талап кылынат экен. Жандуу жаратылыш менен жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн каражатты аябаш керек, аны бюджеттен же кайсы фонддордон караштырса болот", - дейт депутат Байбакпаев.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов мыйзамды аткаруу алкагында техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, кызматка кошумча эгерлерди тартуу сындуу иштерге канча каражат корой турганын эсептеп чыккандан кийин бир чечимге келе турганын билдирди.

"Мыйзам кабыл алынып калса, агенттикке кошумча иш-милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн, ага да каражат керек. Муну да эстен чыгарбашыбыз керек", - деди Байбакпаев.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев материалдык-техникалык базасы менен жетиштүү каражаты бар экенине карабастан, агенттик буга чейин жарытылуу иш жасабаганын эске салып, эгерде агенттиктин жетекчилиги жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга мораторий киргизүү демилгесин колдобой турган болсо, анда депутаттар аны менен башкача сүйлөшө турганын баса белгиледи.

"Агенттик жадагалса жапайы жаныбарлардын так санын билбей. 2017-жылы аңчылык чарбаларынан 671 миӊ сом түшүптүр, былтыр ал дагы көбөйсө керек. Эгер мораторий жарыяланса, туристтерден мындан да көп каражат түшөт", - деди ал.

Тег: Жогорку Кенеш

Яндекс.Метрика