"Бишкек" Эркин экономикалык аймагынан өрт чыкты

10:00 07.05.2018
31957615_202721567196782_8120999956564672512_n.730x400.jpg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылынын жанында жайгашкан "Бишкек" Эркин экономикалык аймагында өрт чыккан.

ӨКМден кабарлашкандай, бүгүн, 7-майда болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында өрт тууралуу билдирүү түшкөн.

Билдирүүгө ылайык, өрт "Бишкек" Эркин экономикалык аймагынын ичинде жайгашкан ангардан чыккан.

“Окуя болгон жерге жалпысынан 4 бөлүм тартылып, өрт таңкы саат 06:30да чектөөгө алынган”,-деп айтылат билдирүүдө.

Өрт боюнча кошумча маалымат берилет.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика