Бишкек кышкы саякат үчүн КМШдагы эң мыкты 10 шаардын катарына кирди

13:15 26.12.2018
Screenshot_2.png

 Бишкек декабрда жана 2019-жылдын январь айында россиялык туристтердин кышкы саякаты үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты 10 жайдын арасына кирди. Шаарлардын рейтингин аналитикалык “ТурСтат” агенттиги түзгөн.

Армениянын Ереван шаары – КМШ өлкөлөрүнүн туристтери арасында популярдуу болгон беш шаарлардын тизмесине кирген.

Алдыңкы ондукка кирген шаарлардын тизмесине: Беларустагы Минск, Азербайжандагы Баку, Казакстандагы Астана, Армениядагы Ереван, Өзбекстандагы Ташкент, Кырызстандагы Бишкек, Молдовадагы Кишинев, Тажикстандагы Душанбе жана Түркмөнстандагы Ашхабад.

ТурСтат агенттиги билдиргендей, туристтер кышында эс алууга орто эсеп менен 3-5 күнгө келишет.

Рейтинг туристтердин тандаган саякат турларынын жыйынтыгы менен түзүлгөн.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика