Бишкек мэриясы Ноорузга 1 миллион сомдон ашуун акча коротот

12:02 19.03.2018
61138F67-1091-4CE9-ACD5-9078A5398B8D_w1023_r1_s.jpg

Бишкек шаардык мэриясы Нооруз майрамын өткөрүүгө 1 миллион 100 миң сомдой акча коротот. Бул тууралуу шаардык бийликтин маданият бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Урмат Белекбаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, акча Ала-Тоо аянтын жана негизги көчөлөрдү жасалгалоого, көрнөк-жарнактарды илүүгө жана шөкөттөө иштерин аткарган жумушчуларга берилет.

21-мартта күндүз Ала-Тоо аянтында театрлаштырылган концерт болот. Андан тышкары, конуштарда да майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, улуттук оюндар көрсөтүлөт.

Мэрия быйыл Жаңы жыл майрамына карата Бишкек шаарын жасалгалаш үчүн 15 миллион сомдой каражат сарптаган.

Теги: Маданият, Коомчулук

Яндекс.Метрика