Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

10:05 26.12.2017
2017-12-26_13-02-24.png

Бишкек-Ош жолу. Төө-Ашуу.

25-декабрда Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош трассасынын 123-125-127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан жолдо жүрүүгө кыйынчылык жаралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тыгын пайда болуп, түнкү саат 20:45тен тарта “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Азыр жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштери жүрүп жатат.

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика