Бишкек-Ош жолундагы абал үчүн жоопко тартуу сунушталды

10:07 04.01.2018
2018-01-04_13-16-16.png

Иллюстрациялык сүрөт.

Жол маселеси боюнча тиешелүү мекемелер парламентте маалымат берүүгө тийиш, зарыл болсо атайын депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Көптөгөн депутаттар Бишкек-Суусамыр-Ош автожолунда Жаңы жыл алдында түзүлгөн кырдаал боюнча кескин сын айтып, нааразылыгын билдиришти.

Депутаттар ар жыл сайын кыш түшүп, кар көп жааганда бул трассада кыйынчылыктар жараларын, айдоочулар менен жүргүнчүлөр кыйналып жатканын, тиешелүү жетекчилер жоопко тартылышы керектигин айтышты.

Тыгынга өзү учурап, 24 саат бою жолдо турган депутат Калдарбек Баймуратов абалды жөнгөргөн кызмат жок, башаламандык болгонун маалымдады.

“Бишкек-Ош жолуна жооптуу дирекция өз милдетин аткарбай жатат” деди депутат Үмбөталы Кыдыралиев.

Учак кызматын пайдалангандар да кыйынчылыкка учурап жатканы айтылды. Депутат Төрөбай Зулпукаров Бишкек-Ош авиакаттамындагы көйгөйлөр боюнча маселени парламенттин тармактык комитетинде кароону сунуш кылды.

“Кышында биринчи жолу кар жааганда эле көйгөй жаралды. Аткаруу бийлик органдарында пландоо деген жок болуп калды. Социалдык өлкө болгондуктан, дотация принциби менен иштешибиз керек” деди депутат Исхак Масалиев. 

Тег: Окуялар

Яндекс.Метрика