Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү: Жолдо дээрлик 300гө жакын унаа тыгында турат

15:05 14.03.2018
Screenshot_9.png

 Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшкөн, анын кесепетинен жолдо 280ге жаын унаа кезекте турат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет. Кар көчкүнүн туурасы 200 метр, узундугу 250 метр, бийиктиги 50 метр.

Маалыматка ылайык, саат 14:20 карата “Сосновка” постунда 100 оор жүк ташуучу унаа, ал эми “Арал” постунда 50 жеңил жана 40 оор жүк ташуучу унаа, “Өтмөк” ашуусунда болсо 60 жук ташуучу жана 30 жеңил унаа кезекте турат.

ӨКМ кызматы кар көчкү толугу менен тазаланмайынча Бишкек-Ош унаа жолу ачылбай тургандыгын билдирет.

“Андыктан жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз”,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, министр Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде кар көчкүнүн кесепетин жоюу иш-аракеттерин координациялоо үчүн министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жеринде жүрөт.

Учурда жеринде куткаруучулар жана атайын техникалар иштеп жатат. ӨКМден кабарлашкандай, унаалар топтотуп калган жерлерге чатырлар тигилип, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө ысык тамак-аш берилүүдө.

Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Эске сала кетсек, кечээ, 13-мартта кечки саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, унаа жол толугу менен жабылган.

Тег: Орто Азия

Яндекс.Метрика