Бишкек саякат үчүн КМШдагы эң мыкты 10 шаардын катарына кирди

12:00 24.07.2018
33642b23dc0c62b311142f1c71a9ae30_730x0.730x0.jpg

Бишкек россиялык туристтердин жайкы саякаты үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты 10 жайдын арасына кирди. Шаарлардын рейтингин аналитикалык “ТурСтат” агенттиги түзгөн.

Быйылкы жайда Азербайжандагы Баку, Беларустагы Минск, Казакстандагы Алматы, Астана, Армениядагы Ереван, Кыргызстандагы Бишкек, Өзбекстандагы Ташкент, Молдовадагы Кишинёв, Тажикстандагы Душанбе жана Түркмөнстандагы Ашхабад россиялык туристтердин баалоосу боюнча КМШдагы алдыңы ондукта турат.

КМШдагы эң арзан жайкы турлар деп Кишинёв жана Бишкекти, ал эми дем алыш күндөрдөгү турларга жана шопингге ылайыктуу деп Бакуну жана Астананы тандашкан.

ТурСтаттын маалыматына караганда, туристтер КМШдагы шаарларга жайында 2 күнгө келишип, андан соң курорттордо эс алышат.

Орточо эсеп менен россиялык туристтер КМШдагы шаарларда жана курорттордо 1 күндө тамагына жана жашаган жерине 50 доллардан 100долларга чейин төлөшөт.

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика