Бишкек-Ташкент автобус каттамы кадимки тартипте иштеп жатат - Транспорт министрлиги

14:00 06.02.2019
Screenshot_4.png

 2019-жылдын 4-февралынан тарта Бишкек-Ташкент автобус каттамы жаңы график боюнча каттап, учурда кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Астана шаарында КРнын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү Бишкек-Ташкент каттамы боюнча жаңы иштелип чыккан жадыбалын Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин Транспорт комитети менен макулдашкан. Макулдашуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн 2003-жылдын 25-декабрындагы 2013-жылдын 1-январына чейинки "Эл аралык автоунаа байланышы жөнүндө" макулдашуусунун талаптарына ылайык жасалган.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика