Бишкек ЖЭБдеги бузулуунун себеби айтылды

17:00 29.01.2018
489_730x0.730x0.jpg

Насосдордун бири керектүү көлөмдөгү суу бербегендиктен, майда бузулуулар болуп Бишкек ЖЭБиндеги бузулууга алып келген. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК Башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Садыков билдирди.

Анын айтымында, башында бузулуу 9чу от казандын иштен чыгышынан улам болгон, ал насостун жана башка жабдыктын иштен чыгышына алып келген.

“Манометр насосто 400 метр куб суу бар экендигин көрсөтүп турган, бирок чындыгында 200 метр куб болгон. Бир насостогу суунун көлөмү жылуулукту камсыз кылуу үчүн жетишсиз”-деп билдирди ал.

Садыков кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекцияда бузулуунун себебин аныктай турган атайын комиссия түзүлгөн.

Ошондой эле ал Бишкек ЖЭБде жарылуу болгон деген маалыматты төгүндөдү. Ал билдиргендей, бузулуу жабдыктын иштен чыгышынан улам болгондугун кошумчалады.

Тег: Коомчулук
Откуда вы узнали о нашем сайте?







  

Яндекс.Метрика