Бишкекке жаңы соттор дайындалды

11:32 31.07.2018
Screenshot_2.png

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык жана Биринчи май, Свердлов райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Сот тандоо кеңешинен жалпысынан 16 талапкер боюнча сунуш түшкөн. Мамлекет башчы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, бир талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарып берди.

Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык сотуна Азизбек Досмамбетов, Гүлмира Садыкова жана Болотбек Сатыбалдиев келди. Биринчи май райондук сотуна Зарема Бейшеева жана Максат Орозбакова, Свердлов райондук сотуна Чынара Асаналиева жана Айзада Исаева дайындалды.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика