Бишкекте аутист балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылды

15:04 02.12.2017
Screenshot_24.png

“Колдон колго” уюмунда тарбияланган бир нече аутист бала тарткан сүрөттөр Бишкекте “Боёктор дүйнөсүндө” аттуу кайрымдуулук көргөзмөсүнө коюлду.

Көргөзмөнүн ачылышына Социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова, Жогорку Кеңештин депутаттары, аутист балдардын ата-энелери катышты.

Иш-чарадан түшкөн каражат “Колдон колго” уюмунун өспүрүм аутисттерди тарбиялоочу жаңы борборунун курулушуна жумшалып, 5-декабрга чейин Бишкектеги “Асанбай” галереясына коюлат.

Бишкекте “Колдон колго” коомдук фондунун тизмесинде 300дөн ашуун бала турат. Ал эми Кыргызстанда аутизм менен жабыркагандардын так саны белгисиз. Аны так аныктай алган адистер өлкө боюнча жетишсиз экени айтылып келет. 

Тег: Балдар

Яндекс.Метрика