Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулдун музейи ачылды

15:00 06.02.2019
Screenshot_5.png

 Спорт ордосунда Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган музейдин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы какабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага БШКнын төрагасынын орун басары Руслан Жакышов, туугандары, замандаштары, КР вице-спикери А. Өмүрбекова, мамлекеттик кызматкер К. Осмоналиев, чөбөрөсү Орозаалы Кожомкулов, Жогорку кеңештин депутаттары жана маданияттын кызматкерлери келишкен.

Музейде Каба уулу Кожомкулдун кийген кийимдери, колдонгон буюмдары, сүрөттөрү коюлуп көпчүлүктүн назарын бурду.

Тег: Коом

Яндекс.Метрика