Бишкекте бокс боюнча Шопоков турнири өтүп жатат

16:09 03.02.2018
Screenshot_10.png

 Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат.

Кыргызстандын бокс федерациясынын баш катчысы Бердалы Алымкуловдун айтымында, 31-январда башталган мелдештер 4-февралга чейин уланат. Анда Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн 146 мушкер күч сынашат. Алардын жетөө кыздар.

Эркектер арасында 10 салмак категориясында, кыз-келиндер арасында үч салмак категориясында байгелер ойнотулат. Финалдык таймаштар 4-февралда болот.

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 41-жолу уюштурулуп жатат. Мелдешти өткөрүү үчүн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 млн. 192 миң сом бөлүнгөн.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика