Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун жаркын элеси эскерилет

14:03 11.12.2017
Screenshot_12.png

12-декабрда Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштурган жыйынга окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Айтматовдун китептеринин көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары Чыӊгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук касиетке ээ болгон көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп-үйрөнүү, тереӊдетип изилдөө тууралуу баяндамалар окулат.

Соңунда катышуучулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барып, Айтматовду эскеришет.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. 

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика