Бишкекте диний абал жана муфтияттын иши тууралуу талкуу болот

13:00 03.05.2018
7CA42C23-701B-40DD-A61A-3A9A4E6B51E3_w1023_r1_s.jpg

Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр деп аталган иш-чараны Ислам изилдөө илимий институту уюштуруп жатат.

Жыйынга мамлекеттик мекемелер, диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер чакырылган. Аталган институттун өкүлү, дин таануучу Асан Саиповдун “Азаттыкка” билдирүүсүндө, жыйындын күн тартибине муфтияттын дарегине карата айтылган сын-пикирлер, ажылыкты уюштуруу иштери, Аалымдар кеңешинин иши киргизилген.

Мындан тышкары быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечиминин аткарылышы да каралат.

Буга чейин "Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети"бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү муфтияттын ишин сындап чыгышкан.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасынын 25-апрелдеги чыгарылышында да укук коргоочу, эксперттер, мурда муфтиятта иштеп кеткен айрым кызматкерлер ажылыкты уюштурууда кемчиликтер бардыгын, битир-садага туура бөлүштүрүлбөй жатканын билдиришкен.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика