Бишкекте "Коомдук транспорт" деген аталыштагы рейд жүрүүдө

10:00 06.11.2017
3.png

Кайгуул-күзөт башкармалыгынын маалыматы боюнча, рейд 23-октябрдан 31-декабрга чейин жүрөт. Жол коопсуздугу кызматкерлери кичиавтобустардын айдоочуларын, унаанын акыбалын көзөмөлгө алат.

Маалыматка ылайык, рейд башталгандан берки убакытта талапка жооп бербеген 82 учур катталып, 15 кичиунаанын айдоочулары жол кыймылынын эрежелери боюнча сынакты кайрадан тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле унаалардын техникалык абалы жүргүнчү ташуу талаптарына жооп бербеген 18 кичиунаа атайын жайга токтотулду.

Мындан тышкары бардык кичиавтобустардын айдоочулары жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууга милдеттендирилди.

Апта соңунда Бишкектеги Тойгонбаев жана Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде үч кичиавтобус кагышып, бир нече адам жаракат алган.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика