Бишкекте Кыргызстан-Орусия элдер достугу сквери ачылды

13:03 07.11.2017
6.png

Бүгүн, 7-ноябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Кыргызстан жана Орусия элдер достугу монументинин жанындагы гүлбактын ачылыш салтанатына катышты. Бул иш-чара бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата орун алды. Мындан мурдараак өлкө башчысы өз фондунан аталган монументтин тегерек-четин көрктөндүрүү үчүн 3 миллиондон ашык сом бөлгөн.

Президенттин жарлыгына ылайык, 7-ноябрь быйылтан тарта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип жатат. Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрайымы менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Апрель ыңкылабынын баатырлары эстелигине барып куран окуду. Мындан тышкары өлкө жетекчилери Ата Мекендик согушта, Үркүндө, саясий репрессияда курман болгондордун жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту. 

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика