Бишкекте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты башталды

14:50 17.02.2017

Бишкекте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты башталды. Турнир Кожомул атындагы спорт ордосунда өтүүдө.

Ага ордо калаанын жана региондордун 250дөн ашык спортчулары катышууда. Пландалгандай, медалдардын 8 топтому ойнотулат. Мелдештердин жыйынтыгы менен эларалык турнирлерге чыга турган кураманын катышуучулары аныкталат.


26512_w654_h402_resize.jpg


Тег: Спорт

Яндекс.Метрика