Бишкекте сууда сүзүү мелдеши өтөт

12:02 21.11.2017
Screenshot_2.png

Бишкекте 15 жана 16-декабрда “Дельфин” бассейининде сууда сүзүү боюнча өлкө Кубогу өтөт.

КРнын спорттун бул түрү боюнча федерациясынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты – суучулдардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, спорттун бул түрүн жайылтуу, КРда сууда сүзүүнү өнүктүрүү, спорттук жыйынтыктарды жогорулатуу жана курама команданы тандоо.

Мелдештерде КРнын күчтүү суучулдары, “Дельфин” спорттук мектебинин, Ош шаардык “Жаштык”, “Радуга” с/к, №69, №68, Family sport спортчулары катышат.

Спортчулар брасс, эркин, далысында, баттерфляем, комплекстүү сүзүү түрлөрү менен сүзүшөт.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика